Биз социалдык тармакта

Жаан-чачын болбойт. 4-январга карата аба ырайы

4-январда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн жана жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7;

Талас облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16, күндүз -6…-8 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан