Бүгүн, 4-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 85 миллион 88 миң 854 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 47 миллион 7 миң 752 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 842 миң 492 адам илдеттен каза болгон.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 20 миллион 629 миң 965 болду. 351 миң 453 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 323 миң 965 адамдан аныкталды. 148 миң 738 адам каза болсо, 9 миллион 927 миң 310 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.