Бишкектеги 24 мектептин окуучуларынан коронавирус илдети аныкталды

Бүгүн, 26-апрелге карата Бишкек шаарындагы 14 мектеп аралыктан окутуу режимине өттү. Ал эми 2 бала бакча карантинге жабылды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашат.
Маалым болгондой, 24 мектептин окуучуларынан коронавирус илдети аныкталып, окутуу онлайн режимде уланууда. Андан тышкары шаар боюнча 18 класс аралыктан окутууга өттү. Бүгүнкү күндө 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61-мектептер билим берүүнү онлайн режимде улантууда.
Мектептердеги окутууну толук кандуу онлайн режимге өткөрүү илдетти жуктуруп алгандар менен байланышта болгондордун санынан көз каранды экенин кабарлашты мэриянын маалымат кызматынан.
Акыркы сутка ичинде Бишкек шаары боюнча 138 жаран COVID-19 жана пневмония илдети менен жабыркап жатканы аныкталды. Мындан улам Бишкек шаардык мэриясы борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаал курч экенин айтат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-04-26 14:38:55
Гриппти эле коронавирус дей беришет көк мее медиктер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан