Ички иштер министри Улан Ниязбеков алдыда өтө турган шайлоого көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө онлайн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4-январь күнү Ички иштер министри Улан Ниязбеков алдыда өтө турган президенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча өлкөнүн бардык 7 облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине онлайн жыйын өткөрдү.
"ИИМдин атайын буйругуна ылайык президенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында 8-январдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн даярдыкка өткөрүлөт. Атайын иш пландарга ылайык, 11 миңден ашуун кызматкерлер коомдук тартипти сактоого тартылат. Шайлоо тилкелерине бөлүнгөн 5 миңден ашуун кызматкерлер аныкталып, шайлоо тилкелерин толугу менен кайтарууга алышты. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында иш-чараларды аткаруу милдеттерине көмөк көрсөтүү максатында БШК менен иш алып баруу үчүн ИИМдин кызматтарынан кирген жумушчу топ ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө",- деп баса белгиледи министр.
Ошондой эле, 2021-жылдын 2-январында "Учкун" ААКтын имаратында Кыргыз өлкөсүнүн президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн даярдалган бюллетендерди өлкөнүн 7 облустук, Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участокторго кабыл алуу жана өткөрүп берүү иш-чаралары өткөрүлгөндүгү жазылат маалыматта.