Биз социалдык тармакта

"Биз коронавирустан эмес, абанын булганышынан каза болушубуз мүмкүн". Бишкекке экологиялык өзгөчө абал киргизүү сунушталууда

"Биз коронавирустан өлбөйбүз, эгер эч нерсе аракет кылбасак дем алып жаткан абабыздан каза болушубуз мүмкүн", - деп Бишкектеги биринчи балдар хосписинин директору Ольга Труханова фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Шаарда экологиялык өзгөчө абал киргизүү зарыл. Унаалардын көбү АИ 80 күйүүчү майы менен жүрөт, ЖЭБден чыккан түтүн болсо тумчуктурууда. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму абанын булганышы көптөгөн ооруларга дуушар кылып, ал эле эмес өлүмгө алып келиши мүмкүндүгүн айтат. Болжол менен дүйнө жүзү боюнча 4,2 миллион адамдын эрте өлүмү атмосфералык абанын булганышына байланыштуу. Алардын көбү жүрөк, инсульт, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү ооруларына, өпкө рагына чалдыккандар. Ал эми балдарда көбүнчө курч респиратордук инфекциялар учурайт",- деп жазган Труханова.
Белгилей кетсек, бүгүн, 4-январда "World Air Quality" уюмунун дүйнөлүк рейтингинде Бишкек шаары абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2021-01-04 16:15:32
Ошко келгиле, у нас аба таптаза, Бишкекте кымбат продукта и суук, а бизде жылуу и берекелүү. Көз тийбесин тфу тфу.
+1
make2
2021-01-04 16:53:02
Светти арзандатып Электр жылыткычка өтүш керек болду чечилет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан