Бүгүн, 4-январда Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында 10-январда өтө турган референдум боюнча флешмоб өтүп жатат. Ага президенттик республиканы тандоо тарабын колдоп жаткан жарандар чыгышкан. Бул боюнча видеолор социалдык тармакка тарап жатат. Флешмоб шоу программа менен өтүүдө.
Анда "Эгер сиз өлкөнүн келечегине кайдыгер карабасаңыз, 10-январдагы шайлоого катышыңыз. Биз президенттик республика үчүн" деген чакырыктар айтылууда.
10-январда президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен бирге бүткүл элдик добуш берүү, референдум өткөрүлөрү маалымдалган. Референдумда шайлоочулар жаңы Конституцияны кабыл алуу жана башкаруу формасын өзгөртүү боюнча добуш беришет.