Орусиянын Ивантеев шаарында 11 жаштагы баланы ит тиштеп өлтүрдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бала ата-энеси менен бирге ит багуучунун үйүнө конокко келген. Чоңдордун баары үйдө отурганда сыртта ойноп жүргөн баланы ит тиштеп, ал окуя болгон жерде алган жаракатынан улам көз жумган.
Москва облустук укук коргоо органдары иттин ээсинин немец овчаркасы менен алабай породасындагы иттери бар экендигин аныкташкан.
Ошондой эле аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү органдар тарабынан текшерүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылат.