ТурСтат порталы КМШ өлкөлөрүндөгү Жаңы жылдык балатылардын бийиктиги боюнча рейтинг жарыялады. Анда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында орнотулган балаты бийиктиги боюнча бешинчи орунду ээлеген.
Маалыматка ылайык, алдыңкы үчтүккө Ашхабад, Ташкент жана Минск шаарларынын балатылары кирген.
1. Ашхабад,Түркмөнстан, 41 метр;
2. Ташкент, Өзбекстан, 36 метр;
3. Минск, Беларусь, 30 метр;
4. Нур-Султан, Казакстан, 25 метр;
5. Бишкек, Кыргыз өлкөсү
Москва Орусия - 25 метр;
Маалым болгондой, КМШ өлкөлөрүнүн катарына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Украина болуп, жалпысынан 10 мамлекет кирет.