Биз социалдык тармакта

Аксы-Ала-Бука жолу ачылды

Аксы-Ала-Бука жолу ачылганын Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.

"Азыркы учурда Аксы-Ала-Бука жолу ачылды. Каттам өз нугунда жүрүп жатат. Жол боюна тигилген боз үйлөр алынууда", - деди маалымат катчы.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 4-январь күнү саат 16:00 чамасында Аксы районунун Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын жергиликтүү 200дөн ашык тургуну, Аксы-Ала-Бука автожолун тосушуп, 2020-жылдын 7-октябрь күнү Кербен шаарынын “Алтын казык” кинотеатрынын алдында болгон башаламандык боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ак-Дөбө айылынын эки тургуну кармалгандыгы боюнча жана тергөөнү акыйкат жүргүзүү боюнча нааразычылыктарын билдиришип жолду тосуп алышкан.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2021-жылдын 4-январь күнү Аксы РИИБинин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 265-беренесинин (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Окуя боюнча Аксы РИИБинин өздүк курамы толук бойдон, жол тосуп турган жерде коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2021-01-05 03:00:00
Один за всех все за одного деген тушунукту ушулардан уйронуш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан