Биз социалдык тармакта

Билим берүү министри 700 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды (сүрөт)

Бүгүн, 4-январда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 700 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Илгиз Султан билдирди.

Маалыматка ылайык, министр балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда тарбияланып жаткан балдарга барып кабар алган.

"Ата-эне мээримине зар, ден соолук кадырын кичинесинен жон териси менен сезип билген сезимтал балдар-кыздардын ар бирине өзгөчө мамиле жасалды.

Министр ар бир балага арналып жазылган өздүк каттарды, ошондой эле китептерди, таттууларды, жеке гигиена каражаттарын жана башкаларды белек кылды. Алмазбек Бейшеналиев балдарга бекем ден соолук, кең келечек, окууларына ийгилик каалады", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан