Бишкек ЖЭБи акыркы суткада 10 миллион 294 миң киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынан билдиришти.
"Станцияда мындай көрсөткүч 25 жылдан бери боло элек болчу. Салыштыруу үчүн ушул эле сутка ичинде Таш-Көмүр ГЭСи 7 миллион 900 миң киловатт-саатты өндүрсө, Үч-Курган ГЭСи 3 миллион 900 миң киловатт-саат электр энергиясын өндүрүп чыкты", - деп жазылат маалыматта.