Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарынын мэри калааны каптаган кара түтүндүн негизги себептерин айтты

Кара түтүн борбор калаанын негизи көйгөйү бойдон калууда. Анын негизи себептерин Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жергиликтүү маалымат булактарынын бирине маек берип жатып, айтып өттү.

"Экологдордун далилденген илимий чечимдерине таянуу менен биринчи себеби көмүр десек болот. Мындан тышкары Бишкекти каптаган кара түтүндүн келип чыгуу себептерин экиге бөлсөк болот. Биринчиси антропогендик (адамдардын таасири) жана атмосферанын таасири. Антропогендик таасирлерге: жаңы конуштардагы көмүр менен үйлөрдү жылытуу, унаалардан жана ЖЭБде чыккан түтүн. Мында баары чогулуп келип, жогорку атмосфералык басым муну тышка айдап чыкпай кара түтүндү шаарга калпак сыяктуу кийгизип койгон. Муну негизги көйгөй деп билсек болот", - деген шаар мэри Балбак Түлөбаев.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаарды каптаган ыш боюнча пикирин билдирип, калаадагы кара түтүндү быйыл токтотуу мүмкүн эмес экендигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aruujanshaxi
2021-01-06 10:12:59
Чоңдорубуз тоймоюнча оңолбойт,жеп ичип эле отура бербей насини тыйып эл үчүн да ойлонуп коюш керек,метро курсун чараларын тапса болот да. Гилтейген миллиондогон жашоочулары бар шаарлардан өтүп кетти го Бишкек абанын булганганы боюнча. Болбой калды деп эле отура бербей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан