Алматыда альпинист тоого чыгып бара жаткан учурда көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 3-январда Кичи Алматы капчыгайында катталган. Маншук Мамбетова түндүк тоо кыркасына чыгып, машыгуу жүргүзүп жаткан учурда бир альпинист көзүн жабыркатып алып, көрбөй калган. Мындан улам тоого чыгууга убактылуу тыюу салынып, тоо башындагы альпинисттер төмөн түшүрүлгөн.
Учурда жабыркаган адам дарыгерлердин көзөмөлүндө экендиги айтылат.