Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүндө адамдар көбүнчө эмнеден улам каза болот? (статистика)

Кыргыз өлкөсүндө 2020-жылдын 10 айында жалпы 31 миң 564 адам каза болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпысынан каза болгондордун ичинен кан айлануу системи оорусунан жарымынан көбү, тагыраагы, 16 миң 415 адам каза болгон.

- неоплазма дартынан - 3 миң 503 киши;

- дем алуу органдарынын дарты - 2 миң 235 адам;

- сырткы себептер - 1 миң 767 адам;

- коронавирус инфекциясынан - 1 миң 693 (лабораториялык тастыкталган 506 адам);

- тамак-аш сиңирүү органдарынын оорулары - 1 миң 638 адам;

- перинаталдык оорулардан - 1 миң 359;

- клиникалык жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталган, нормадан ашып кеткенн симптомдор дегеле башка категорияда аныкталбаган оорулар - 835;

- эндокриндик системанын, тамактануунун бузулушу жана зат алмашуунун бузулушу оорусунан - 520 (анын ичинде кант диабети - 494);

- айрым жугуштуу жана мите ооруларынан - 486;
- тубаса аномалия дарты, деформациялардан жана хромосомалык аномалия оорусунан - 369;
- нерв системасынын ооруларынан - 325;
- жыныс системасынын ооруларынан - 275;
- булчуң оорулары - 49;
- кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилдин татаалдашынан - 39;
- кан жана кан айлануу системасы, иммундук механизм менен байланышкан айрым бузулуулар - 26;
- психикалык оорулар, акыл-эс, жүрүм-турум бузулууларынан - 18;
- тери жана тери астындагы ткандардын ооруларынан - 11;
- кулак ооруларынан - 1 адам каза болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zaman2
2021-01-05 17:43:15
Онкологиядан канча киши болду экен?
0
D.iamond
2021-01-05 17:55:25
Ошондо 1кундо 105адам олобу Кыргазстанда эле. Кудай сакта жакынкы тизмеде мен жок брлдум бекен.
+1
Aidar.001
2021-01-05 23:42:43
D.iamond,мен дагы жок болойунчу жакынкы тизмелерде
+1
Nursultan2508
2021-01-06 00:48:00
Aidar.001,Эч ким жок болсун тизмеде.
+1
orun
2021-01-06 12:48:16
Жол кырсыгынан дагы көп адам каза болууда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан