Биз социалдык тармакта

Баренц деңизине адамдары менен чөгүп кеткен кемени издөө иштери токтотулду

Орусиянын Баренц деңизине ичинде 19 адамы менен чөгүп кеткен кемени издөө иштери токтотулду. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, куткаруу кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн бир нече күндүк издөө иштерине карабай окуяга тиешелүү эч нерсе табылган эмес. Мындан улам издөө иштери токтотулган.

Эске салсак, 28-декабрда Жаңы Жер аймагында Баренц деңизине Онега кемеси 19 кишиси менен чөгүп кетип, алардын экөөсүн башка кемедеги балыкчылар куткарып калышкан. Бир кишинин жансыз денеси кийин деңизден табылып, ал эми 16 киши дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан