Биз социалдык тармакта

23 жаштагы жаран 3 килограмм мык колдонуп, стринг-арт түрү менен желек жасады

2020-жылдын декабрь айынын аягында 23 жаштагы Бексултан Абдимажитов аттуу жаран Кыргыз өлкөсүнүн негизги атрибуттарынын бири болгон желекти стринг-арт түрү менен жасап чыккан.

Ал кол эмгеги, көз майы кетип жасалган эмгеги тууралуу SUPER.KG порталына айтып, желекти жасаганы менен сыймыктана турганын билдирди.

Айтымында, желек стринг-арт түрү менен тактага мык кагылып, мыкка жип тартуу менен жасалган.

"Сүрөттү карасаңыз кадимки желек, бирок аны жакындан караганда көп нерсе байкалат. Мисалы, 205 ×125 өлчөмүндөгү UZB тактаны, 3 килограмм мыкты кандай чебердик менен кагылганы байкалат.
Ошондой эле 5 миң 700 метр жиптин мыкка оролгонун байкап, таң калгандар болууда. Негизи бул өнөрдү телевизордон көрүп кызыгып калгам. Тилегим ишке ашып, ушул желекти жасадым, мындан башка да майда логотиптерди жасап калам", - деди өнөр ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан