
Саналуу күндөрдөн кийин, тагыраагы, 10-январда өлкөнү башкаруу формасын аныктоо жана мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо болот. Буга байланыштуу бүгүн, 5-январда Бишкек мэриясында жыйын болуп, анда аткарыла турган иштер тууралуу айтылды.
Маалым болгондой, Бишкек шаарындагы бардык райондордо даярдыктар штаттык режимде жүргүзүлүп, шайлоо участкаларына зарыл болгон жабдыктар, каражаттар коюлду.
"10-январь күнү кокустуктардын алдын алуу үчүн курулуш кызматтарына, жер иштерин убактылуу токтотуп туруу тапшырылды. Ошондой эле шайлоо участкаларында 729 медицина кызматкери (коргонуучу каражаттар менен камсыздалат) нөөмөттө турушуп, "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн тартипте иштейт. Коомдук транспорт каттамдары штаттык режимде иштейт
Ал эми коомдук тартип Бишкек ШИИББи тарабынан көзөмөлгө алынат", - деп айтылат маалыматта.