Биз социалдык тармакта

Караколдо Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү

Караколдо улуттук туңгуч лексикограф, академик Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, эскерүү иш-чарасына маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басары Кайрат Иманалиев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Элчибек Джантаев, мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев жана облустагы активисттер катышты.
Министрдин орун басары Кайрат Иманалиев өз сөзүндө, Кусейин Карасаевдин кыргыз тил илимине баа жеткис салым кошкондугун айтып өттү.
"Кусейин Карасаевдин тил илимине кошкон салымы баа жеткис. Ал кыргыз-орус сөздүгүнүн түзүүчүлөрүнүн бири", - деди ал.
Кусейин Карасаев - кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог. Филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан