Бишкектеги коомдук транспорттор жолдо тыгындарды пайда кылып, башка жүргүнчүлөргө тоскоолдук кылууда. Бул тууралуу борбор калаанын патрулдук милиция кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында күн сайын эртең менен жана кечинде тыгындар көбөйүп баратат.
"Жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорт жолдун экинчи тилкесинде же аялдамага жетпей токтоп жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратууда",- деп билдиришет аталган кызматтан.
Патрулдук милиция такси жана коомдук транспорттун айдоочуларын жол эрежесин так сактоого чакырат.