Биз социалдык тармакта

Өкмөт: "ЕАЭБ алкагында улуттук процедура боюнча дары-дармек каражаттарын каттоо үчүн өткөөл мезгил узартылды"

ЕАЭБ алкагында улуттук процедура боюнча дары-дармек каражаттарын каттоо үчүн өткөөл мезгил узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши арыз берүүчү тарабынан дары-дармек каражаттарын каттоону ишке ашырууну ЕАЭБдин эрежелерине же интеграциялык бирликке мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык тандоо мүмкүнчүлүгүн берген өткөөл мезгилдин мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алды. Алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн.

Өткөөл мезгилди узартуу жана дары-дармек каражаттарын улуттук каттоодон өткөрүүнү сактоо чечимин кабыл алуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге карай муктаждыгын толугураак канааттандырууга, ошол эле учурда каттоо досьелерин ЕАЭБ каттоо эрежелеринин талаптарына ылайык келтирүү иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан