Өлкөдө 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "Үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөк пулду алуунун жол-жоболору айтылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек. Муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.
"Үй-бүлөгө көмөктү" төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат:
- 16 жашка чейинки балдары бар;
- Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, башкача айтканда, 1000 сомдон төмөн болсо.
"Үй-бүлөгө көмөк" дайындоодо эске алынуучу жагдайлар:
- айлык акы, стипендия;
- ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
- жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.
"Үй-бүлөгө көмөк" дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:
- пенсиянын бардык түрлөрү;
- мамлекеттик жөлөк пулдар;
- сөөк коюу үчүн жөлөк пулдар;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар;
- жумушсуздук боюнча жөлөк пулдар жана башкалар.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмү 810 сомду түзөт. Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөк пул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.
Ата-эненин бири (же камкорчу). "Үй-бүлөгө көмөк" бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө дайындалат. Бирок бала 16 жашка чыкканга чейин гана", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
"Үй-бүлөгө көмөк" дайындоо үчүн керектелүүчү документтер:
- паспорт;
- балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
- үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
- банктык маалымдаректер.
Эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын маалымат базасында керектүү маалматтар жок болсо, кошумча төмөнкү документтер талап кылынат:
- жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
- мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;
- статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.