Биз социалдык тармакта

"Атайын эле жасашты". Ташчайнар каймана аты менен белгилүү болгон балбандын унаасынын терезесин таш менен талкалап кетишти

"Ташчайнар" каймана аты менен таанымал болгон балбан Нурлан Алишеровдун унаасынын терезелерин белгисиз жарандар талкалап кетишти. Бул окуя боюнча Нурлан мырза укук коргоочуларга арыз менен кайрылды.

Айтымында, окуя 4-январда Бишкекте орун алган. Анда Ахунбаев көчөсү менен Баха көчөсүнүн кесилишинен өткөндөн кийин Нурлан Алишеровдун унаасынын алдын жол тандабас тосуп, экинчи жол тандабас аркасынан келип, андагы бет капчан адамдар терезени таш менен урушкан. Анын кесепетинен унаанын арткы терезеси талкаланган.

"Окуя күндүзгү саат 15:40та болду. Бейтааныш адамдар унаама таш ыргытып качып кетишти. Милицияга кабар бердик, алар келишип кароо жүргүзүшүп, унаанын ичинде калып калган ташты алышты. Мен шайлоого карата үгүт иштерине аралашып жүргөм. Бул атайын эле жасалган деп ойлойм", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bessmertiy
2021-01-07 13:54:10
Рас кылыптыр. Таласта Конгантиевди кандай сабадың эле.
+4
nazira...
2021-01-07 14:08:20
Өзүн өлө албай атып бок барбы агитацияга. Тескери жүргүзүп атсан керек да.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан