Бүгүн, 6-январда "Манас" эл аралык аэропортунан Ошко учкан учак кайра катып келгени айтылып жаткан. Бул маалыматты тактоо максатында аэропорттун басма сөз кызматына байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Бүгүн, 6-январда саат 15:20да "Манас" эл аралык аэропортунан "Тез жет" авиакомпаниясынын учагы Бишкектен Ошко учуп кеткен. Бирок саат 15:43тө учак кайра конуу жасабай учуп келди. Учактын кайра артка кайтып келиши техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам болгон.
Саат 16:51де жүргүнчүлөр башка учакка отуруп Ошко учуп кетишти", - дешти "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан.