"Бейөкмөт уюмдар, буга чейин мечит салган араб мамлекеттеринен келген донорлор менен да сүйлөштүк. Мечит жетиштүү болуп калды, эми бала бакча,ФАП , муктаждарга үй салып бериңиздер. Алар макул болушту. Урматтуу акимдер, кайсы айылдарга аталган объектилер зарыл болсо, айтыңыздар, биз аларга сунуштайбыз”, - деген пикирин бүгүн, 6-январда Ош облусундагы элчиликте өткөн экономикалык конференцияда вице-премьер-министр Равшан Сабиров билдирген. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбекова SUPER.KG порталына билдирди.
“Кеңешмеге өлкөнүн вице-премьер-министри Равшан Сабиров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов, Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги, Кыргызстандын энергетика, өндүрүш, кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын адистери, райондордун акимдери, орун басарлары, ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
Анда облустун экономикасын өнүктүрүүгө тиешелүү болгон бир нече маселелер көтөрүлдү. Кеңешменин жүрүшүндө Сабиров акимдерге кайрылып, аймактар мектеп, бала бакча, ооруканага муктаж болуп турганын белгилеп, акимдердин фонддорго бул тууралуу билдирүү тапшырмасын берди”, - деди маалымат катчы.