Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн алкоголдук ичимдиктен Өзбекстандын 12 жараны ууланды. Бул боюнча териштирүү иштери башталды

Өзбекстанда 12 киши алкоголдук ичимдикке ууланып, анын экөө каза болду. Мындай маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалымат жарыялангандан кийин Кыргыз өлкөсүнүн санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан жогорудагы окуя боюнча териштирүү иштери башталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
"Градусник" алкоголдук өндүрүмүнөн Наманган облусунун 12 жараны ууланды деген маалымат боюнча териштирүү иштери башталды. Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментине алкоголдук ичимдиктин жасалма экендигин аныктоо боюнча тапшырмасы берилип, адистер контролдук көзөмөл иштерин жүргүзүүдө", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан