Биз социалдык тармакта

"Трагедия болобу?". "Электр станциялар" коому Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча билдирүү жасады

Өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көрсөтүлгөндөн дагы аз деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматкери Тагжана Айдаралиева билдирди.

"Ал маалымат туура эмес. Ал белгисиз сүрөттү көтөрүп алып суу сактагычтагы суунун көлөмү тууралуу маалымат берип жатат. "Электр станциялар" бул сүрөттөргө таянбайт. Бизде атайын сууну өлчөөчү инструменттер бар. Биз ошолорго гана таянабыз.

Бүгүн, 7-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 927 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 154 метр куб, ал эми агып чыгышы 857 метр куб", - деди Айдаралиева.

Кечээ, 6-январда президенттикке талапкер Аймен Касенов дебат учурунда Токтогул суу сактагычында 12 миллиард куб суу бар деп көрсөтүлгөнү менен чындыгында 7-8 миллиард эле куб суу калганын, бул өлкө үчүн чоң трагедияга айланышы мүмкүн экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2021-01-07 11:24:27
Бир айдан кийин 8м куб болот.
+1
Merch
2021-01-07 15:21:39
Агып келгенинен алты эсе көп агып чыгып жатыптыр да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан