Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун дарегине Бишкек шаарынын кээ бир райондук сотторунун, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен, Талант Мамытов судьялык кызматка 9 талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болду.
Президенттин милдетин аткаруучу 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:
Бишкек шаары
Октябрь райондук сотуна:
Свердлов райондук сотуна:
Ленин райондук сотуна:
Ысык-Көл облусу:
Ысык-Көл облустук сотуна;
Нарын облусу:
Нарын облустук сотуна:
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, президенттин милдетин аткаруучунун Жогорку Соттун судьясынын бош кызмат ордуна шайлоо үчүн 1 талапкер боюнча тийиштүү сунуштама-каты Жогорку Кеңешке жиберилди.