Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны 13-январда өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн тартип боюнча 9 маселе каралышы күтүлүүдө. Анда "Курал жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралат.
24-декабрда жыйында депутаттар 2020-жылдын 30-декабрдан 8-январга чейинки мезгил аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып баруу чечимине келишкен.