Биз социалдык тармакта

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 8-январга карата аба ырайы

Эртең, 8-январда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарына кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыш тараптан жел согуп турат, Ысык-Көл ойдуңунда шамал болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...-8,

Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19, күндүз -1...-6,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...+1,

Нарын облусунда түнкүсүн -19....-24, күндүз -8...-13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25...-30, күндүз -10...-15 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Туман түшүшү мүмкүн. Түндө -14…-16, күндүз -6…-8 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан