Кийинки аптада Жогорку Кеңештин комитетинде коронавируска байланыштуу Кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдөн кайтып келүүсү боюнча маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 12-январда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн маалыматы угулат. Мындан тышкары жыйында "Баткен жана Жалал-Абад облустарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө" токтомдун аткарылышы каралат. Комитет жыйынында жалпы 10 маселе талкууланат.