Бүгүн, 7-январда социалдык тармактарга баланын аялдын бетине торт менен чаап, бийлегенин чагылдырган видео тарады. Бул видео коомчулуктун көңүл сыртында калган жок. Азыркы тапта видеого карата терс пикирлер жазылып, жигиттин кылыгын колдонуучулар тарбиясыздык катары сыпатташууда.
Айрым колдонуучулар видеодогу эне менен бала экенин жазып чыгышты. Азырынча видеону ким жарыялаганы жана бала видеону кандай максатта тартканы белгилүү боло элек.