Биз социалдык тармакта

Оштун Кандава айылында "Бир адамдан бир китеп" долбоору ишке ашты

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Кандава айылында "Бир адамдан бир китеп" долбоору ишке ашты. Бул тууралуу аталган долбоордун уюштуруучуларынын бири Айгерим Нурболотова билдирди.
"Долбоорго айыл эли жана демөөрчүлөр салым кошуп, жалпы 500гө чукул китеп топтолду. Топтолгон китептер айылдык китепканага өткөрүлүп берилди.
Иш-чара семинар, концерттик программа менен коштолду", - деди Айгерим Нурболотова.
Аталган долбоорду 2019-жылдын февраль айында жаш активисттер Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу негиздеген. Азыркы тапта долбоордун алкагында айыл жерлеринде, аскер-бөлүктөрүндө, мектеп-медресе, жатакана жана ооруканаларда жалпысынан 166 китепкана ачылган. Мындан сырткары 130 миңден ашуун китеп чогулуп, анын орточо эсеп баасы 30 миллион сомду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан