Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медицина кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 2;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 3;
Талас облусу – 1.
Ал эми бир суткада стационардан – 4, үй карантининен - 4 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4141 учур катталды, алардын ичинен 3983 медкызматкер сакайды.