Биз социалдык тармакта

"Президенттикке талапкерлердин бирин жаманатты кылууну көздөшкөн". УКМК чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандар жоопко тартыларын эскертти

УКМК кызматкерлери президенттикке талапкерлердин бирине байланыштуу маанилүү билдирүү жасаганы жатат деген социалдык тармактарда жайылтылган маалыматтар фейк экенин билдирет. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, УКМК укук коргоо органдары менен биргеликте чагымчыл иш-аракеттердин алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

"Ошол эле учурда бул кайрылууда көрсөтүлгөн фактыларды айрым талапкерлер өлкөдөгү маанилүү делген президенттик шайлоо алдында президенттикке талапкерлердин бирин атайын жаманатты кылуу максатында жайылтышууда", - деп жазылат билдирүүдө.

УКМК жеке саясий жана башка күчтөргө кызмат кылбасын, ошондой эле айрым топтордун өзүмчүл максаттарына жетүү үчүн саясий курал болуп бербей турганын баса белгилеген.

"Биздин негизги максат - элдин жыргалчылыгы жана Кыргыз өлкөсүнүн гүлдөп-өсүшү үчүн кызмат кылуу. Ошондой эле күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары экендигин эске салат. Абалды көзөмөлдөө үчүн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчтөрү, каражаттары жетиштүү. УКМК мыйзамдардын чегинде чагымчыл жана ушул сыяктуу мүнөздөгү башка билдирүүлөрдү тараткандар боюнча жоопкерчилик каралгандыгын эскертет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Simels
2021-01-08 16:10:22
Туура эмес, фейк маалымат чыгарган эл бузарларды камап кыйнагыла! Ошондой эле Садыр Жапаровту суу кечпеген калптары менен күнөөлөгөндөрдү жана Жапаров жөнүндө туура эмес маалымат жайылткандарды кармагыла!
-5
MENMINGO
2021-01-08 16:47:18
Садырдын дагы фейктери камалыш керек садыр дагы башка талапкерлерди жамандап каралоо жургузуп жатат шайлоодон чектетиш керек.
+3
bbek
2021-01-08 18:03:07
Канаттын коту куйуп атат жегендерин эстеп эртеби кечпи жооп бересин и кусасын жегенини Ташиев коргулукту корсотот сен тортунчу революция кылып жоопкерчиликтен кутулам деп ойлоп атасынбы ал заман откон эми ак болсон соткодалилде.аркан булганган учун жан талашып атасын .шайлоону жылдыргандай сенкимсин ты никто шайлоо сен учун эмес.жалпы эл Жапаровду шайлайбыз деп шайлоо кылып атат калган 17ин никто эч ким шайлабайт чимкириксинер
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан