Биз социалдык тармакта

Депутат Дастан Бекешев президенттикке талапкерлердин ар бирине мүнөздөмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттикке талапкерлер жөнүндө тред (твиттердеги репортаждын жаңы түрү) жазды. Бул тууралуу Бекешев "Депутаттын ойлору" деген телеграм-каналында билдирген.

Төмөндө депутат Дастан Бекешевдин социалдык тармакта жазган айрым талапкерлер боюнча треддерин жарыялайбыз.

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев - "Менин мурдагы партиялашым. Чогуу "Ар-Намыс" партиясына келгенбиз. Биздин көз караштарыбыз келишпей, түшүнбөстүк жаралган учурлар болгон. Бирок жеке кемсинтүүлөргө жеткен эмеспиз. Мен анын эмне себептен президенттикке барып жатканын билбейм".

Талапкер Бакыт Калмаматов - "Анда парламенттик шайлоонун астында жакшы стартап пайда болушу мүмкүн. Балким, өз алдынча эле өтүп кетет же бир партияга кошулат. Ораторлук чеберчилик боюнча сабак алгандай аябай жакшы сүйлөп калды".

Талапкер Равшан Жээнбеков - "Мен анын бекемдигине таң калдым. СИЗОдо отуруп тергөө менен кызматташууга барган жок. Чынын айтсам, башында тергөө менен сүйлөшүп алат деп ойлогом. Анын либералдык идеяларына дайыма эле кошула бербейм".

Талапкер Арстанбек Абдылдаев - "Мен ал башы менен бир нерсеге урунуп алган го деп ойлогом. Бирок аны менен жеке сүйлөшүп көргөндөн кийин акыл-эси ордунда эле экенин түшүндүм. Кыскасы, бул анын образы экен жана бул образ жакшы жаратылып жатат".

Талапкер Курсан Асанов - "Көп убакыт бою ИИМде министрдин орун басары болуп иштеди. Депутаттардын ар бир суроосуна жоопторду билчү. Кээде калп жоопторду ойлоп таап койчу. Харизмасы бар. Сөз берип коюп, унутуп калышы мүмкүн. Инсан катары жакшы мамиле жасайм, милиционер катары..."

Талапкер Улукбек Кочкоров - "Шайлоо компаниясын такыр эле жүргүзгөн жок же өтө тынч алып барууда. Октябрь окуялары болуп кетпегенде өкмөттөгү жакшы орунга бармак".

Талапкер Адахан Мадумаров - "Ал кызмат адамынын позициясында турганда ага баары жагып турчу. Кеткенден кийин эч нерсе жакпай калды. Мындай көрүнүш биздин көпчүлүк саясатчыларга мүнөздүү".

Талапкер Абдил Сегизбаев - "Менин оюмча, ал саясий туткун катары көрүнүү үчүн бардык нерсени жасап жатат. УКМК мурдагы төраганын орун басарларын СИЗОго отургузуп жаткандан кийин, шайлоодон кийин Сегизбаевге киришет болуш керек".

Талапкер Рашид Тагаев - "Жарыштан чыгып кетти. Негизи эле убактысын коротуп эмнеге катышканы түшүнүксүз".

Талапкер Имамидин Ташов - "Бул адамга шайлоонун эмне кереги бар экени такыр эле түшүнүксүз".

Талапкер Канат Исаев - "Саясатта кадамдары бири-бирине каршы келген инсан. Бабанов менен ажырым жолго түшүп, кайра 5 жылдан кийин 2017-жылы кайрадан бирикти. "Кыргызстан" партиясынын лидери катары кээ бир депутаттарды жетиштүү добуш ала албаганын айтып партиядан чыгарып салды".

Талапкер Садыр Жапаров - "Польшада жүргөндө мигранттар арасында упай топтой баштаган. 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнө келип, абакка отуруп калганда дагы көп упай топтоду. Керемет болуп Садыр Жапаров өтпөй калса дагы, ал бийликтен кетпейт. Менин терс мүнөздөмөмө карабастан 63-67 пайыз алат".

Талапкер Клара Сооронкулова - "Ал конституциялык палатанын судьялыгына көрсөтүлүп жатканда кандай добуш бергеним эсимде жок. Сооронкулованы Мырзакматов менен байланыштырып келишет. Менин билишимче, ал "Улуттар биримдиги" партиясына аз эле убакыт мүчө болгон".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Janyl98
2021-01-08 23:56:55
Элдин сабаттуулугун которуш керек. Болбосо кооз суйлогон популисттерге алданып жашоосу отуп кетет. Сынчыл коз караш менен жашаганды уйронуш керек
+3
souza.j
2021-01-09 00:57:41
Саясий элитанын аксакалдарын чогултуп мыкты адамды алып чыгуу абзел. Чынында бул талапкерлер боюнча жакшы пикир айтылбай келет. Исхак бабабыздайлар чын эле жокбу.
+2
KaGaH
2021-01-09 09:22:36
souza.j, Исхак Раззаков өзбектердин агенти, бекеринен Усубалиев Кыргызстандан кууган эмес да ал кишини, Исхак абаң Кыргыз ССРинин көп жерлерин өзбектерге берип салган,Баткендеги анклавдар,кемпир абад суу сактагычы, Исхак абаңдын ишинин жыйынтыгы,баткендиктер тим эле кудай кылып алган ал кишини,Ташкентте балдар үйүндө чоңойгон,ошол жактан баштаган эмгек жолун
-2
gulam
2021-01-09 23:31:20
KaGaH, озундун созуно озун тушундунбу, сен башындан жеген окшойсун.
0
Rinat98
2021-01-09 10:10:45
Эльдар Абакировду айтпаптырго,бирок мыкты Адам Абакиров
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан