Биз социалдык тармакта

Айымдарды оргазмга жеткирүүчү чекиттер

Чыныгы секс оргазм менен аяктап, төшөктөгү өнөктөштөрдү канааттандырышы кажет. Бул үчүн аял, эркек дебей, бири-биринин денесиндеги эрогендик зоналарды билүүсү кажет. Аялды жыргалдын туу чокусуна чыгарууну каалагандар аларды оргазмга жеткирүүчү чекиттердин кайда экендигин билип алышса болот.

G чекити
Көрсө, аялдарда бир эмес, оргазмга жеткирүүчү бүтүндөй 3 чекит бар экен.
G чекити аялдардын жыныс кынынын ичинде, 5-6 сантиметр те­реңдикте жайгашкан. Бул чекитти 1950-жылы немис гинекологу Эрнест Грэфенберг ачкан. Андыктан чекит ушул адамдын фамилиясынын баш тамгасынан аталат.
Аталган чекитке таасир этүү ме­нен, аялга жыргал сезим тартуулоо­го болот. Ал үчүн эркек “алигиси” менен аялдын кынынын ичин жакшылап ыйкашы керек. “Эркек үс­түндө” ыкмасын колдонуу абдан ылайыктуу.
Өз алдынча жыргалга баткысы келген аялдар колу менен жыныс кынын эмне үчүн ыйкайт десе, сыры ушунда тура.

U чекити
Бул чекит заара чыгаруучу каналдын үстүн жана эки капталын камтыйт. Аталган чекит америкалык изилдөөчүлөр тарабынан ачылган. U тамгасы англисче urеtral spot дегендин кыскартылган түрү, бизче “заара чыгаруучу каналдын чекити” дегенди түшүндүрөт. Чекит «Скин бези» деген аталыш менен да белгилүү. Анткени аял оргазмга жеткенде без суюктук бөлүп чыгарат. Суюктук болсо заара чыгаруучу канал аркылуу чыгат. Муну түшүнбөгөн эркек тургай аял өзү да “заара ушатып койдум окшойт” деп жаман абалда калат. Андыктан мындай абалды табигый нерсе катары кабыл алуу керек.
Өзүн-өзү ырахатка батыргысы келген аялдар аталган чекитке массаж жасоосун сексологдор сунуштап келет.

А чекити
Окумуштуулардын бир тобу бул чекиттин бардыгын ырастап, “жатындык оргазмга жеткирүүчү чекит” деп аташат. Булардын ою боюнча чекит аялдын жыныс кынынын абдан тереңинде жайгашкан. Чекитке эркектин “алигиси” жетип, ыйкашы үчүн аял алдына катуу жаздыкча коюп алышы шарт. Аял үстүндө же 4 буттап туруу ыкмасын колдонсо да жакшы.
Жатындык оргазмга гана канааттанган аялдар фаллоиммитаторду (жасалма жыныстык мүчө) колдонот делет.
Ал эми окумуштуулардын экинчи тобу бул чекитти төгүнгө чыгарып келишет. Буга кээ бир аялдар эркектин жыныс мүчөсү терең кирсе, оорутууну сезе тургандыгы себепчи делет.

Макала "Супер-Инфо" гезитинин 367-санына жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Islam98
2021-01-09 10:57:35
Ушинтип даратты бузасынар да!
+12
bond0202
2021-01-09 13:24:01
ошондо мектеп окуучуларына ушул нерселер боюнча сабак киргизебиз деп жатабы министир айым
-6
Asanali
2021-01-09 14:18:47
bond0202, бир жагынан киргизсе да жакшы болот.Себеби азыркы учурда копчулугу жыныстык катнаш маданиятын билбей, турдуу ооруларды жугузуда мисалы ИППП.( ИНФЕКЦИИ ПЕРЕДАЮЩЕЙ ПОЛОВЫМ ПУТЕМ.
+4
Majit1975
2021-01-09 14:30:23
Asanali,азыркы учурда жаштар сен экөөбүздөн жакшы билишет
+7
Islam98
2021-01-09 22:54:02
Majit1975,кайсы жагынан кандай подход кылышты дээээ!
0
KaGaH
2021-01-09 20:26:42
Мен кечее окуп,түнү менен чекит издеп убара болдум, жыйынтыгы ноль чекит мекити жок
+3
Islam98
2021-01-09 22:54:56
Брат туура эмес жеринен издегенсин го сыягы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан