Ички иштер министрлиги жарандарды мессенжерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлайт.
Анда мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганы жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылары эскертилет.
"Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. Айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган билдирүүлөрдү таратып жаткандыгын билебиз. Мыйзамсыз аракеттер, чагымчылдык аракеттер бир гана мамлекетке жана коомго зыян алып келбестен республиканын башка жарандарына дагы коркунучтарды жаратууда. Айрым кызыкдар тараптар өзүнүн кызыкчылыгын көздөп чыр-чатак чыгарууга аракет жасашып, кырдаалды туруксуздаштырууну ойлошууда. Ар бир мыйзамсыз аракеттер үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет. Мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефон номуру аркылуу кабарлап коюуну суранат", - деп жазылат маалыматта.