2018-жылы Залина Уметалиева 4-баласын жарык дүйнөгө алып келген. Төрөт учурунда келин эс учун жоготкон. Дарыгерлер баланы аман сактап калышкан.
Залина Уметалиеванын балдарын жана өзүн апасы Асымгүл Турсунбекова карайт. "Ооруканадан чыгары менен жеке менчик ооруканага алып барганбыз. Ал жакка алып барганда эле колу, буту тырышып калды. Үйгө алып келгенден бери өзүм карап отурам", - дейт Асымгүл Турсунбекова.
Бул тууралуу толугу менен төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот.