Биз социалдык тармакта

Жанар Акаевдин аялы эч жакка арыз жазбаганын жарыялады

Депутат Жанар Акаевдин аялы Жыргал Масалбекова эч жакка арыз жазбаганын жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Менде баары жакшы. Эч жакка арыз жазган эмесмин", - деп жарыялады.

Айрым басылмалар Жанар Акаев аялын сабап, ал укук коргоо органына арыз менен кайрылганын жазышкан.

Бишкек ШИИББи 8-январында саат 13:30 чамасында "102" кызматына Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жөнүндө чалуу түшкөнү боюнча маалымат таратты. "К.Ж. аттуу жаран күйөөсү аны үйдө сабагандыгын көрсөтүп, полицияга жардам сурап кайрылган. Андан кийин ал Ж.А. аттуу күйөөсүнүн үстүнөн жазуу түрүндө арыз жазган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazira...
2021-01-09 16:16:48
Түшүнбөдүм, эмне уруптурбу аялын Жанар. Неужели?
-1
Baiaman997
2021-01-09 16:23:14
nazira...,ал ечкимден коркпойтко урса ургандырды
-2
Belek1710
2021-01-09 16:20:28
Эрди катын урушат, эсине келгенде жарашат, арыз жазбайт да.
+17
bond02
2021-01-09 16:58:10
Арыз жазган К.Ж ким ошондо? Жанардын аялы Ж.М. болсо.
+6
Sancho-
2021-01-09 17:40:19
К.Ж А.К башка болсо керек окшош экенда.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан