"Бишкек эле эмес Ышкек болуп калдык" деген пикир социалдык тармактагы Бишкектин булганган абасы тууралуу талкууда айтылган.
Төмөндө социалдык тармактын колдонуучулары шаардын актуалдуу болуп жаткан көйгөйү тууралуу жазган пикирлерин жарыялайбыз.
"Бишкекте 4 ай түтүн болсо, 4 ай ысык болот"
"Бишкек жашоо үчүн күрөшкөндү жакшы көргөндөрдүн шаары"
"Чаң соргучуңарды берип тургулачы"
"Мен ыштан жасалган кирпичтен үй салгым келип жатат"
"Кооз туман деп ишенгим келди, бирок..."
Эске салсак, өткөн аптада Бишкек шаары абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду алганы
маалымдалган. Рейтингди "World Air Quality" дүйнөлүк уюму түзгөн.