Бүгүн, 10-янврь күнү таңкы саат 7:30, 8:00гө карата коомдук транспорт аз экени байкалууда. Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде таң заардан жумушка барабыз деген жарандар маршруттук каттамдарды кеминде жарым сааттай күтүүгө туура келип жатканын айтышты.
Аялдамада турган шаар тургунунун бири "туура 30 мүнөттөн бери турам, каттап жатат, бирок сейрек. Мен өткөрүп жибердим да кийинкисин көпкө күтүп жатабыз" дейт ал.