
Талапкерлердин бирине добуш берүү үчүн жарандарды Ысык-Көлгө бекер ташып жатат делген автобустар боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан
SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-январда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык тобуна жүргүнчүлөрдү Бишкектеги автобекеттен Ысык-Көлгө талапкер Садыр Жапаровго добуш берүү үчүн акысыз алып кетип жатышат деген жашыруун маалымат келип түшкөн.
"Бул маалымат ошол эле күнү ИИМге жана Башкы прокуратурага жөнөтүлдү" деп билдиришти БШКдан.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда шек жараткан видеолор тараган. Анда Бишкек-Каракол каттамындагы автобустун айдоочусу болобуз деп тааныштыргандар жарандарды президенттик шайлоого жана референдумга активдүү катышууга үндөп, акысыз кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришкен.