Түркиянын Анталия шаарында жашап, иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын добуш берүү үчүн Стамбулга бара жаткан видеосу жарыяланды.
Тасманы тартып жаткан жаран шайлоого катышуу үчүн бара жаткандар өз чөнтөгүнөн жол кире төлөп бара жатканын айткан.
Жүргүнчүлөрдүн арасынан ак элечек апаларды да көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участоктору саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты.