Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн биринчи айымы болуу кимге буйруйт? Шайлоого жубайлары менен барган талапкерлер

Өлкөдө бүгүн, 10-январда президенттик шайлоо жана референдум өтүп жаткан учуру. Президенттикке талапкерлер өз аймагында катталган шайлоо участкаларда добуш берип жатышат. Ал эми өлкөнүн биринчи айымы болуу кимге буюруйт деген суроо ар бир жарандын көңүл борборунан орун алып, кызыгууну жаратып жаткан кези. SUPER.KG порталы шайлоого талапкерлердин арасынан жубайы менен баргандарын тизмектеп көрдү.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө катышты.

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев жубайы менен Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы №7194 шайлоо тилкесине келди.

Президенттикке талапкер Курсан Асанов өмүрлүк жары жана балдары менен Бишкек шаарындагы №1332 шайлоо тилкесине келип добуш берди.


Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев Бишкектеги №1138 шайлоо тилкесине добуш берүүгө жубайы, уулу жана кызы менен келди.

Президенттикке талапкерлердин бири Аймен Касенов Бишкек шаарындагы 6-кичи райондогу №1136 шайлоо тилкесине жубайы Айжамал Тагаева менен келип добуш берип кетти.

Президенттикке талапкер Арстанбек Абдылдаев Бишкек шаарындагы Свердлов районундагы №10 орто мектепте жайгашкан №1316 шайлоо участогуна жубайы жана эки уулу менен келди.

Президенттикке талапкер Канатбек Исаев шайлоого өзүнүн кичи мекени Чүй облусуна караштуу Кошой айылында жайгашкан маданият үйүндө жубайы менен барып добуш берди.

Ал эми башка талапкерлер жалгыз, жардамчылары жана балдары менен өздөрү катталган аймактагы шайлоо тилкелеринде добуш берип жатышат. Белгилей кетсек, Super.kg порталы башка дагы талапкерлердин добуш берүүсүнөн сүрөттөрдү топтоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
alisheran
2021-01-10 13:10:44
Буйруса Айгул Жапаровага буйруйт
+19
Talantus
2021-01-10 13:15:35
Маселе чечилген
-9
Eldik1111
2021-01-10 13:25:44
Арстанбек Абдылдаевтин жакщынакай эле уй булоосу бар экенго тообо кылып жашаш керек экен мен мындай дей бербей
+17
al-abu-kinesz
2021-01-10 17:14:14
Арстан Алайдын духу тушуп калыптыр го, озун ото эле духовитый эсептечу эле.
0
Agayu
2021-01-10 20:11:55
Адаханды байкасаңар бир да шайлоого аялын алып келбейт: Ал эмне Казахстандын жараныбы??
+1
Rukush
2021-01-10 23:16:35
Agayu,эгоист да
+1
Kombi
2021-01-10 23:56:12
Agayu,Жубайын "Реклама" кылбайт. Публикага чыгарбайт дагы. Тушунбосон "публичный" деп изде руку.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан