Президенттикке талапкерлердин бири Аймен Касенов добуш берип чыкты. Ал добуш берүү үчүн Бишкек шаарындагы 6-кичи райондогу №1136 шайлоо тилкесине барды.
Талапкер шайлоого жубайы Айжамал Тагаева жана тарапташ жолдоштору менен чогуу барды.
Бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участоктору саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты.