Бүгүн 10-январда өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бишкек шаарынын №1222 шайлоо тилкесинин кире беришинде шайлоочуларга бет каптар таратылууда.
Кезек күткөндөр жок. Шайлоочулардын баары аралыкты сактап, бет кап тагынганын байкоого болот. Ошондой эле урналар мүчүлүштүгү жок иштеп жатат.