Биз социалдык тармакта

Улукбек Кочкоров: "Акылыбызга келели, дагы бир революция мамлекетти жок кылып жибериши мүмкүн"

Президенттикке талапкер Улукбек Кочкоров Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунда жайгашкан №1208 шайлоо участогунда добуш берди. Ал шайлоо тууралуу ойлору менен бөлүшүп өттү.

"Буга чейин административдик ресурсту колдонуу 3 революцияга алып келди. Кыргыз өлкөсүндө дагы бир революция мамлекетти жок кылып жибериши мүмкүн. Ошондуктан акылыбызга келели. Бийлик төбөлдөрүнө, жер-жерлердеги бийлик органдарына кайрылып кетер элем, элдин каалоосуна коюп таза шайлоо өткөрүп берели. Анан дагы бир нерсени айтып өтүү керек. Шайлоо участокторунда көйгөй жок, ал нерсе шайлоо участкасынын сыртында болуп жатат. Бул ошол эле административдик ресурс, добуш сатып алмай, коркутмай, мындай көрүнүштөрдү токтотуш керек.

Бүгүн чыныгы эл үчүн ак кызмат кыла турган жетекчи шайланат деген толук ишеничим бар", - деди Кочкоров.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январда өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
NURSAPAR
2021-01-10 13:12:15
Куда кааласа таза эле өтүп жатат.
+10
Kuban-1207
2021-01-10 13:46:39
Садыр өтөт буюрса
+6
bekbol2006
2021-01-10 13:52:09
Биз тууган урук отуздай Адам Садырды шайлап келдик жана президенттик башкарууну
+6
shergazy9
2021-01-10 14:09:31
Кана..? Кимге шайладын..?деп Блютенинди андыган тема жок бугун таза отуп жатат буйруса
+5
ruslanz
2021-01-10 14:09:41
Баары жакшы револ. болгонго негиз жок. Баарыбыз С.Ж га добуш берип жатабыз.
+5
Kg.ka84
2021-01-10 15:28:48
Эч бир шайлоо учостокторунда мыйзам бузуу деген жок,рев.эч кандай негиз жок,андай баш аламандыкты чимкириктер өздөрү башташат. Урматтуу калайык калк эч бир чимкирикти ээрчибеңиздер жана акчага алданбаңыздар. Акыйкаттыкка чыдабаган акмактар өздөрү бирдеме уюштургусу келип жатат өңдүү.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан