Биз социалдык тармакта

"Өлкөнүн тагдыры чечилип жатат, шайлоого келгиле". Балбак Түлөбаев добуш берди

Бүгүн, 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана референдумда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз добушун берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балбак Түлөбаев №1101 шайлоо участкасында добуш берген.

"Борбор калаада жалпы 228 шайлоо участкасы бар. Октябрь районунда - 59, Биринчи Май районунда - 49, Свердлов районунда - 58, Ленин районунда - 62. Ал эми жалпы шайлоочулардын саны 416 миң 123 адамды түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына "өлкөнүн тагдыры чечилип жатат, шайлоого келгиле" деген билдирүү калтырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан