Бүгүн, 10-январда вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева кезексиз президенттик шайлоого жана референдумга келип, өз тандоосун жасады.
Маалыматка ылайык, ал №1209 участкасында добуш берген.
"Жарандык милдетимди аткардым - президент жана башкаруу формасы үчүн добуш бердим. Саат 12:00дө калктын 10% жетпеген саны шайлоого катышты. Форма-2 жок болсо, калктын добуш берүү активдүүлүгүнүн чыныгы сүрөтү көрүнүп турат. Урматтуу мекендештер, келечек ар бирөөңүздүн колунда- сиздерди кайдыгер болбой, добуш берүүгө чакырамын", - деп жазат Сурабалдиева.