"Японияда COVID-19дун жаңы жугуштуу түрү катталгандыктан бардык өлкөлөр менен болгон каттамдар жабылды" дейт аталган өлкөдө эмгектенип жаткан мекендешибиз

Учурда Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында катталган коронавирус инфекциясынын жаңы жугуштуу түрү дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап жатканын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кулак кагыш кылууда. Айрым өлкөлөрдө карантиндик чаралар күчөтүлүп, чек аралар кайрадан убактылуу жабылууда. Ал эми элди COVID-19 илдетинен сак болууга чакырып жатышат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы чет жерде, тагыраагы, учурда Япониянын Нагоя шаарында эмгектенип жүргөн мекендешибиз Чыңгыз Сүйүнбек уулу аталган өлкөдөгү абал боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
"Чектөөлөр боюнча чечимди япон өкмөтү декабрь айынын аягында кабыл алган. Анда 5-январдан баштап айдын аягына чейин Япониянын аймагына четтен кире турган адамдардын санын кескин түрдө азайтуу боюнча чектөө болчу. Бирок бул чечим Япониянын компанияларында иштеген адамдарга тиешеси жок болчу. Ал эми студенттер, бизнес жана туристтик виза менен келе жаткандар үчүн иштейт, тагыраагы, алар киргизилбейт. Мындай чектөөлөр январдан кийин дагы уланышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Азыркы учурда бардык өлкөлөр менен болгон каттамдарды жаап салышты. Японияга биринчи жолу кирип келе жаткан адамдар киргизилбейт. Мындай чектөөлөр коронавирус илдети менен ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгына жана Токиодо Улуу Британиядагы коронавирус инфекциясынын жаңы жугуштуу түрү чыккандыгына байланыштуу", - деп билдирди мекендешибиз.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан